БШК ЖКнын депутаттыгына талапкер Лира Акунованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди
27-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ИИБсинин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Лира Акуновага кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү тууралуу өтүнүчүн карады.
Тергөөчүдүн айтымында, Акунованын штабында талапкердин кызы 360 миң сомду жакын тууганына (анын ичинде талапкердин тууганына) алдын ала макулдашылган шайлоочуларга акча берүү үчүн тапшырганы боюнча далилдер топтолгон.
«Талапкердин кызы менен тууганына сырттан айып такталып, аларга издөө жарыяланды. Ал эми талапкер милициянын бир нече жолу чакыруусуна карабастан, суракка келбей койду», — деди тергөөчү.
Лира Акунова — Бишкек шаардык кеңешинин 28- жана 29-чакырылыштарынын депутаты («Эмгек» фракциясы). Ал Жогорку Кеңешке №22 округдан талапкер болуп катышкан.
№22 округдун чек арасы: Бишкектин Октябрь району
Шайлоочулардын саны: 135 256
Бюллетендеги талапкерлердин тизме номурлары:
1 — Ирлан Атанов
2 — Туратбек Мусуралиев
3 — Эмилбек Абдыкадыров
4 — Болот Ибрагимов
5 — Аида Узакова
6 — Дастан Бекешев
7 — Самат Каниметов
8 — Кубанычбек Абдрахманов
9 — Хансывар Бахшалиев
10 — Ахматали Абсалиев
11 — Эльмир Досалиев
12 — Сагынбек Абдрахманов
13 — Гуля Кожокулова
14 — Венера Осмонбетова
15 — Лира Акунова
16 — Бактыгул Иманбек кызы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




