Биздин достук мамилелерибиз бар. Ал — ишенимдүү дос жана өнөктөш, - Владимир Путин Садыр Жапаров жөнүндө

«Бизде достук мамиле бар», — деди Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон мамилелери тууралуу сүйлөп жатып.

Владимир Путин 27-ноябрда Бишкекте өткөн ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында «Номад ТВ» телеканалына маек берди.

«Ал — ишенимдүү өнөктөш жана дос», — деп мүнөздөдү Путин Кыргызстандын президентин.

Маекте Путин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди достукка негизделген, маданиятты жана тилди урматтоого таянган байланыш катары атап өттү.

«Кыргызстанда орус тилин расмий макамда калтырууга байланыштуу кабыл алынган чечимдерге биз чоң урмат менен карайбыз. Бул макам мыйзам деңгээлинде бекитилгенин да баалайбыз», — деди ал.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25–27-ноябрда мамлекеттик сапар жана ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген.

26-ноябрда «Ынтымак Ордо» резиденциясында Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Орусия президенти Владимир Путиндин кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү өттү. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги маселелерин жана мындан аркы өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз