Лукашенко Бакиевди Кыргызстанга келүүгө уруксат берүү боюнча азыркы бийлик менен сүйлөшөрүн билдирди

«Бул маселени Кыргызстандын азыркы жетекчилиги менен чечебиз», — деп билдирди Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин мекенине мүмкүн болчу сапары тууралуу.

ЖККУ саммитинин алкагында Кыргызстанга болгон визити маалында Лукашенко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-беларус мамилелерине токтолду жана Курманбек Бакиев Беларусь жеринде жакшы жашап жатканын айтты.

«Биз аны силерге жөнөтпөйбүз. Мен ага: “Эч кандай сапар жок, болду. Беларуссияда эле жашай бер”, — дедим. Жашоосу жакшы. Кээде мени конокко чакырса, барып турам. Ошондуктан биз аны силерге бербейбиз», — деди ал.

Лукашенконун айтымында, Бакиев «өлкөсүн аябай сагынып, жапа чегип жүрөт».

«Ар дайым: “Атамдын мүрзөсүнө бир барып келсем жакшы эле” деп айтып жүрөт. Кыргыздар өз президентинин атасынын мүрзөсүнө келүүсүнө уруксат бербей жатканы — бул туура эмес. Менимче, бул маселени Кыргызстандын азыркы жетекчилиги менен чечебиз», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз