Кыргызстанда эттин бааларын жасалма түрдө жогорулатышууда, - Ветеринария кызматынын адиси

Кыргызстанда эттин кымбатташы жасалма көрүнүш. Мындай пикирин радио эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын башкы адиси Шаршен Чотонов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эттин баасын көтөрүүгө негиз жок.

«Адис катары мен эттин баасын көтөрүлгөнүнө макул эмесмин. Анткени Кыргызстанда 9 млн 200 миң гектар жайыт бар. Мындай көлөмдөгү жайыт дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок. Бул жайыттарда мал алты-сегиз ай бою жүрөт. Мындан тышкары, жылкылар да дээрлик жыл бою жайытта болот — кар аз жааган жылдары таптакыр кыш бою да жайытта жүрө берет», — деди Чотонов.

Ал эттин кымбатташы объективдүү себептер менен байланышпаганын баса белгиледи.

«Биздеги эттин кымбатташы — бул жасалма көрүнүш. Бааны атайын көтөрүп жатышат. Экспортко чыкканда тирүү малды чыгарууга болбойт. Эгер экспорттолсо, малды эт комбинатына тапшырып, андан соң этти тоңдуруп, талапка ылайык иштетип, ошол бойдон сатуу керек. Анда эттин баасы өспөйт эле», — деди ал.

Чотоновдун айтымында, ички рынокто эттин кымбатташына тирүү малдын кошуна өлкөлөргө сатылгандагы баасы түрткү болууда.

«Азыр тирүү малды кошуна мамлекеттерге сатып жатышат. Анан ошол экспорттук баага карап, бизде да эттин баасын көтөрүшөт. Бул жерде эч ким күнөөлүү эмес деп айтуу кыйын. Негизги күнөөлүүлөр — ортомчулар. Алар айыл жеринде малды арзанга сатып алышат да, экспорттук баага таянып, бизде деле ошол баада сатышат», — деди ал.

Адис кошумчалагандай, Кыргызстандын калкынын 65–70%ы айыл жеринде жашап, мал чарбачылыгы менен алектенет. Ошондуктан өлкө эт менен толук камсыздалат.

«Мындай жасалма баа көтөрүүлөрдүн эч кандай мааниси жок — мунун баары ортомчулардын иши», — деп жыйынтыктады Чотонов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз