Шайлоодон кийин Борбордук шайлоо комиссиясына добуш сатып алуу боюнча 6 кайрылуу келди

1-2-декабрда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерден жана шайлоо процессине катышкан башка адамдардан шайлоо бузуу фактылары боюнча социалдык тармактар аркылуу арыздар түшүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

30-ноябрда Кыргызстанда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Анын айтымында, шайлоодон кийин 11 арыз келип түшкөн. Анын 6сы добуш сатып алуу, 4өө айрым шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо, 1өө шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузуу боюнча.

«Бардык арыздар каралат, анын ичинде №13 округ боюнча да каралат. Учурда УШКлардан видеоматериалдарды күтүп жатабыз, баарын изилдеп чыгабыз», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз