Ош: лөлү тектүүлөр жашаган айыл жаңыдан курулат
Лөлү тектүүлөр жашаган Жаңы-Маале айылы кайра курулат Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Муниципалитет Жаңы-Маале айылын (лөлү тектүүлөр жашаган аймак) толук кайра курууну пландап жатат. Реновация иштери 2026-жылдан башталышы күтүлүүдө.
Кечээ, 4-декабрь күнү мэр Жеңишбек Токторбаев конушту реновациялоо маселеси боюнча тургундар менен жолугуп, долбоордун маанилүү этаптарын түшүндүрдү.
Келерки жылдан тартып, этап-этабы менен аймактагы турак үйлөр жана социалдык объектилер бузулуп, алардын ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.
4 миңге жакын калкы бар бул конуш 2024-жылы административдик-территориялык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына кошулган.
« Жаңы- Маале конушунун тургундары, «жаманын жашырсаң өлүм ашкере кылат» . Шаардагы эң начар конуш сиздердин конушуңар. Рейд учурунда келип көрүп чыктым. Чындыгында жашоо шарт начар. Мурда Кара-Суу районуна карап келсеңиздер, учурда шаардыксыңар. Акыркы 40 жылда эч нерсе өзгөргөн жок. Мен бала кезимде келчү элем. Жашоо ошондой эле. Кээ бирлер 80 жылдан бери жашап келе жатат экен. Биз бул аймакты реновация кылсак деп сүйлөштүк. Сиздер жашап жаткан жер 49 гектар жерди ээлейт. 3900 - калктын саны. Суу корук, суу тазалоочу жерден 500 метр алыс жашашыңыздар керек болчу. Бирок сууга чейин келип алгансыздар. Биз ошону 250 метр жылдырып, 5 кабатка чейин көп кабаттуу үйлөрдү салабыз.Этап-этабы менен куруп кетебиз. Эч кимиңиздер көчөдө калбайсыздар. 4 жылдык мектеп бар экен. Мектептин жерин аныктап койдук. 12 жылдык мектеп куруп беребиз. Бул жер суу тазалоочу жер болгон үчүн сасык жыт чыгат.
Сквер курулат. Касымбеков көчөсүнөн тартып сквер болот. Бала бакча курабыз. Жер тамдарды да курабыз. Курулушту эрте жазда баштайбыз. Бир үйдө канча кожолук болсо, баарын эске алабыз», - деген шаар мэри Токторбаев.
Жаңы-Маале айылынын башчысы Умидулло Нармырзаевдин айтымында, жергиликтүүлөр жер үйгө макул болуп, көп кабаттуу үй курууга макул эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



