Ташиев: Үйүмө кутучалар менен акча алып келишти

Министрлер кабинети төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 9-декабрда «Регион ТВга» курган маегинде өзүнө пара берүүгө болгон аракеттер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, УКМКны жаңы жетектеп баштаганда айрымдар аны сынап көрүүгө аракет кылышкан.
 
«Ташиев пара албайт дейсиңби? Байлыкка кызыкпайт дейсиңби?» — деп ар түрдүү жол менен кызыктырышканын эске салды ал.
 
«Кызыктырып көрүштү, түрдүү ыкмаларды колдонушту. Чачты тик тургузган окуялар болду. Ишти чечип берүүнү суранган айрымдар акчаны кутуга салып, түз эле үйгө чейин алып келишкен учурлар да болгон. Мен болсо алардын маселесин чечмек турсун, тескерисинче, аларды катуу жазаладым. Ошондон кийин көпчүлүк түшүнүп калды», — деди Ташиев.
 
Анын айтымында, коррупцияга каршы аёосуз, катуу күрөш башталган алгачкы күндөрдө буга нааразы болгон адамдардын саны көбөйгөн.
 
«Бизди жаман көрсөтүп, токтотобуз деп ойлошту. Бизди коррупционер, паракор деп айыпташты, ойдон чыгарылган миң нерсени жабыштырды», — деп белгиледи укук коргоо жетекчиси.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз