БШК №26-округдан ЖКга талапкер Абакировдун өкүлү Абдрахматова берген арыз боюнча жооп берди
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №26 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльдар Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматованын «Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин сот аркылуу мыйзамдаштырууга аракет болуп жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.
БШКнын маалыматына ылайык, талапкер Эльдар Абакировдун арызынын негизинде Бишкек шаарынын Административдик сотунда каралган иштин материалдарына БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы №26 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын аныктоо тууралуу токтомунун көчүрмөсү берилген. Ишти кароо учурунда талапкердин өкүлү берилген документтерди жараксыз деп эсептээрин билдирген.
«Далилдердин толуктугун камсыз кылуу жана күмөн саноолорду жоюу максатында БШКнын өкүлү соттон 15 мүнөткө тыныгуу жарыялоону жана БШКнын токтомунун түп нускасын (оригиналын) тапшырууга уруксат берүүнү өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырып, натыйжада 2025-жылдын 8-декабрындагы №189 токтомунун түп нускасы сотко сунушталды», — деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.
БШКнын белгилешинче, 8-декабрдагы токтом мыйзамда белгиленген бардык жол-жоболорду сактоо менен кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө кирген. Талапкердин өкүлү билдиргендей, мурда берилген токтом башка документке алмаштырылды же бурмаланды деген доомат негизсиз жана мүмкүн эмес, деп билдирди БШК.
Ошондой эле БШК 2025-жылдын 8-декабрындагы жыйынына №26 шайлоо округу боюнча талапкерлер — Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаев катышканын эске салды. Жыйында талапкер Эльдар Абакировго өз позициясын билдирүүгө толук мүмкүнчүлүк берилген.
Маселени кароонун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү токтомду бир добуштан кабыл алышкан: тогуз мүчө оффлайн форматта, эки мүчө онлайн режиминде катышкан.
Мындан тышкары, 8-декабрда саат 17:00дө өткөн БШКнын жыйыны түз эфирде көрсөтүлгөн жана учурда БШКнын YouTube-каналында монтаждалбаган, баштапкы түрүндө жеткиликтүү экендиги белгиленди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



