Ош: шаардын башкы балатысы жандырылды. Видео

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы.

Кечээ, 14-декабрь күнү  Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды.Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды.

«Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду», - деп айтылат муниципалитеттин маалыматында.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз