Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурматов мекенине кайтып келди

Түркияда кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Азамат Нурматов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу 14-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көмөгү менен Азамат Нурматовго карата колдонулган бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 10-декабрда Түркиядан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Стамбул аэропортунда чек ара жана миграциялык процедуралардан өтүү учурунда Азамат Нурматовго байланыштуу жаралган маселелер дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн көмөгү менен жөнгө салынды. Ошол эле учурда бул иш боюнча соттук териштирүүлөр уланууда», — деп билдиришти министрликтен.

19-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими Азамат Нурматов Кыргызстандагы 7 окуучусу менен бирге Стамбул аэропортунда дайынсыз жоголгон. Алар Анталья шаарында өтө турган эл аралык математика олимпиадасына катышуу үчүн учуп барышкан.

Кийинчерээк мугалим аэропорттон кармалганы маалым болгон. Андан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мугалимдин кармалышына байланыштуу Түркиянын элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырган.

9-майда Азамат Нурматов үй камагына чыгарылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз