Кыргызстанда транспортту каттоонун жаңы санарип эрежелери киргизилүүдө

Кыргызстанда транспорт каражаттарын каттоонун жаңы санариптик эрежелери киргизилүүдө. Бул тууралуу 2025-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун филиалы тарабынан сунушталган жаңы санариптик чечимдердин бет ачарында белгилүү болду, деп жазат "Тазабек" басылмасы.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев эки негизги жаңычылдыкты тааныштырды:

автотранспорт каражаттарын онлайн сатуу;

транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн жаңы үлгүсү.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысынын маалыматына ылайык, учурда бардык процесстер мамлекеттик «Түндүк» санариптик платформасы аркылуу жүргүзүлүүдө.

«Жаңы документтер заманбап талаптарга жооп берет, коопсуздук деңгээли жогору болуп, алдыңкы технологиялар колдонулган. Жаңы үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрүн чыгаруу менен “Учкун” ачык акционердик коому алектенет», — деди ал.

Туманбаевдин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 41 автоунаа алгачкы каттоодон өткөн. Ошондой эле сатыкка коюлган экинчи автоунааларды кайра каттоо процесси да ийгиликтүү ишке ашып, анда сатуучу менен сатып алуучунун катышуусу камсыздалган. Каттоо үчүн арыз автоматтык түрдө түзүлөт.

Ал кошумчалагандай, 1-декабрдан бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашуун жаран документтерин жаңылап алышкан.

«Автотранспорт тармагын толук санариптештирүү иштери 2026-жылы жыйынтыкталат», — деп сөзүн жыйынтыктады Каныбек Туманбаев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз