Министрлер кабинети мамлекеттик жетекчилерди кызматкерлеринен белектерди алуусуна чектөө киргизди
Министрлер кабинети мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине кызматкерлеринен белектерди алуусуна чектөө киргизди. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбек «Фейсбук» баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп келгенин белгилеп, айрым учурларда бул иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен коштолгонун да байкаганын, мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушканын билдирген.
«Ушул көрүнүштөрдү эске алып, быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу белектерди алуусуна чектөө киргиздик. Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр.
Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла», - деген Министрлер кабинетинин төрагасы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



