ТИМ Мьянманын аскердик лагеринде мыйзамсыз кармалып турган кыргызстандык жаранды өлкөгө эвакуациялады
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 10-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги жана Таиланддагы консулдугу менен биргеликте Мьянманын аймагынан кыргызстандык жаранды Кыргызстанга эвакуациялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
ТИМдин алдын ала маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны эмгек миграциясына байланыштуу алдамчылык схемалардын курмандыгы болуп, жогорку маяналуу жумуш тууралуу убадаларга ишенип калган соң, Мьянманын аймагындагы аскердик лагерде мыйзамсыз кармалып турган.
2025-жылдын ичинде Тышкы иштер министрлиги Мьянмадан жалпы 12 Кыргыз Республикасынын жаранынын мекенине аман-эсен кайтып келишин камсыздады. Эвакуацияланган жарандар боюнча учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграция каналдарын жабуу жана алдамчылык аракеттерге каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө, деп айтылат маалыматта.
Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө адамдарды сатуу схемаларына Кыргызстандын жарандарынын тартылышы көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги мекендештерди чет өлкөдө иштөө боюнча сунуштарды карап жатканда өзгөчө сак болууга, айрыкча расмий эмес каналдар аркылуу берилген жумуш сунуштарынан этият болууга чакырат.
Кандайдыр бир күмөн саноолор же суроолор жаралган учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине дароо кайрылуу сунушталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



