Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланды
Нурланбек Тургунбек уулу (№15 шайлоо округу) Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 84 депутат колдоп добуш берсе, 3 депутат каршы чыкты.
Тургунбек уулунун талапкерлигин мурда түзүлгөн бардык депутаттык топтор — «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Мекенчил», «Элдик» жана «Адилет Кыргызстан» сунушташкан.
Белгилей кетсек, Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин да Жогорку Кеңештин VII чакырылышында төрага кызматын аркалаган.
Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн. Өлкө 30 шайлоо округуна бөлүнүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланган. №13 шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Натыйжада Борбордук шайлоо комиссиясы 87 депутатты каттап, алар 17-декабрда ант берип, ишке киришти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



