«Кечээ диктатура болчу, бүгүн — демократия». ЖК депутаты комитеттердин төрага орун басарларын альтернативасыз тандап алууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева (№23 округ) комитеттердин төрагаларынын орун басарларын альтернативасыз шайлоону сунуштады. Ал бул тууралуу 18-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 17-декабрда спикер, вице-спикерлер жана комитеттердин төрагалары альтернативасыз эле шайланган.

«Бүгүн комитеттердин төрагаларынын орун басарларын шайлоо добушка коюлууда. Кечээ диктатура болду, бүгүн демократия болуп жатабы деген суроо жаралат. Депутаттар арасында талаш-тартыш болбошу үчүн талапкерлерди альтернативасыз көрсөтүүнү сунуштайм. Талкуу жүрүп жатканда эле түндүк-түштүк болуп бөлүнүү байкалууда. Вице-спикерди, спикерди, комитет төрагаларынын ким болорун сурашкан жок — альтернатива болгон эмес. Андай болсо же баарын кайрадан шайлайлы, же болбосо ошол эле тартипте тынч эле бекитип коёлу», — деди ал.

Буга жооп кылып, спикер Нурланбек Тургунбек уулу Сурабалдиева акыркы чечимдер менен тааныш эмес экенин, анткени ал депутаттык топтун мүчөсү эместигин белгиледи.

«Түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө жол берилбеши керек. Мындай сөздөр үчүн жоопкерчилик бар. Мындай трибунада мындай билдирүүлөргө жол бербеш керек. Айрым маселелерди эл алдында айтуунун кажети жок. Бардык чечимдер фракция лидерлери менен макулдашылган», — деди спикер.

Өз кезегинде Эльвира Сурабалдиева спикерди кесиптеш катары сыйлай турганын айтып, бирок комментарийлерде этият болууга чакырды.

«Мени коркутуунун кереги жок. Сиз бийликтин өкүлү экениңизди түшүнөм, бирок сөз тандап сүйлөө зарыл. Балким, айрым кесиптештерим айта албаган нерселерди мен айтып жатам. Мен — ачык сүйлөгөн депутатмын жана менин өз шайлоочуларым бар. Мен депутаттык топко кирген эмесмин жана эч ким мени мажбурлай албайт. Сөз айкаштарында этият болуңуз», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз