Президенттин балатысына өлкөнүн бардык аймагынан 490 бала катышууда

18-декабрда Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү өттү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 490 бала катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Майрамдык иш-чарага Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышып, балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Ал окууда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалап өттү.

Иш-чаранын алкагында балдар «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборуна, ошондой эле Б. Кыдыкеев атындагы театрга барышты. Анда алар үчүн көңүл ачуучу программа уюштурулуп, «Маугли» аттуу театралдык спектакль көрсөтүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз