2026-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы дагы бир жолу 100%га көбөйтүлөт, - Садыр Жапаров
Мугалимдерге жана дарыгерлерге болгон урмат — кубаттуу мамлекеттин негизи, — деп белгиледи президент Садыр Жапаров 25-декабрда өтүп жаткан IV Элдик курултайда.
Анын айтымында, мугалим улуттун келечегин тарбияласа, дарыгер элдин саламаттыгын жана өмүрүн сактайт. Бирок бүгүнкү күндө бул кесип ээлерине карата орой мамиле, сыйлабастык, айрым учурларда зомбулук да кездешүүдө. Бул — маданиятсыздыктын эң чеги.
«Биз бул ыйык кесиптердин ээлеринин кадыр-баркын көтөрүп, алардын баштапкы аброюн кайтарышыбыз керек. Мугалимдерге жана дарыгерлерге урмат көрсөтүү — биздин милдет. Анткени алар балдарыбызды окутат, элди дарылайт. Аларга болгон сый-урматсыз биз маданияттуу жана өнүккөн мамлекет боло албайбыз», — деди президент.
Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасы дагы бир жолу 100 пайызга жогорулатылат.
Президент белгилегендей, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы айлыкты кеминде 50 пайызга көтөрүү тууралуу айткан.
«Кечээ менин кабинетиме чогулуп кеңешип, ар бир ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация киргизүү аркылуу айлык акыны орточо эсеп менен 100 пайызга көтөрө алабыз деген чечимге келдик», — деди ал.
Учурда мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң сом болсо, 2026-жылдын апрелинен тартып ал орточо 52 миң сомду түзөт. Мугалимдин айлыгы билим деңгээлине, педагогикалык стажына, квалификациялык категориясына, иштеген аймагына, окуткан предметине жана жумалык жүктөмүнө жараша аныкталат.
Шаардагы мектепте орто педагогикалык билими бар, бирок иш тажрыйбасы жок жаңы мугалим апрелден тартып 36 миң 800 сом айлык алат. Социалдык төлөмдөр кармалгандан кийин колуна 31 миң 200 сом тийет. Бул — кечээ эле окууну бүтүргөн жаш адис.
Ал эми райондук коэффициенти 1,8 болгон, бийик тоолуу аймакта жашап, иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар математика мугалими учурда 65 миң 800 сом айлык алса, 2026-жылдын апрелинен тартып анын маянасы 97 миң 600 сомго жетет.
Медицина кызматкерлеринин учурдагы орточо айлыгы 31 миң 500 сомду түзөт. 2026-жылдын апрелинен кийин бул көрсөткүч 62 миң 500 сомго чыгат. Социалдык төлөмдөрдөн кийин колуна 50 миң сомдон ашык акча алат.
Шаарда иш тажрыйбасы жок, бир ставка менен иштеген жаңы дарыгер учурда 16 миң 900 сом алса, айлык көтөрүлгөндөн кийин 42 миң 100 сом болот. Социалдык төлөмдөр кармалгандан соң колуна 35 миң 500 сом тийет.
Азыркы учурда артисттердин орточо айлык акысы 20 миң 700 сом. 2026-жылдын апрелинен тартып ал 46 миң 500 сомго чейин жогорулап, социалдык төлөмдөрдөн кийин 39 миң сом колуна алат.
Машыктыруучулардын орточо айлыгы көтөрүлгөндөн кийин 58 миң 900 сомду түзүп, салык жана социалдык төлөмдөрдөн соң 45 миң сом таза киреше болот.
Мындан тышкары, техникалык жана тейлөөчү персоналдын айлыгы да 2026-жылдын апрелинен тартып бир ставка үчүн 5 миң сом президенттик компенсация кошулгандан кийин орточо эсеп менен 80 пайызга жогорулайт.
Президент бул чечимдер бул тармактардагы кызматкерлердин коомдогу ордун бекемдөө жана алардын улуттун өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилөө максатында кабыл алынганын баса белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



