Кара-Суулук делегат президенттен ЖКнын шайлоосу боюнча аялдардын квотасын алып салууну суранды
IV Элдик курултайда Ош облусунун Кара-Суу районунан келген делегат Жогорку Кеңештеги аялдар квотасынын максатка ылайыктуулугун кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.
"8–10 миң добуш алган эркек талапкерлер шайлоонун жыйынтыгында сыртта калып, 1 200–3 000 гана добуш топтогон талапкерлерге жол бошотуп берип жатышат. Бул жагдай эркектердин шайлоого катышууга болгон кызыгуусун төмөндөтүүдө. Ошол эле учурда, алардын аймагын мисал кылсак, аял талапкерлер эркектерге караганда көбүрөөк добуш алган учурлар да бар. Бул реалдуу абалга толук туура келет", — деди кара-суулук делегат Болотбек Абдымомун уулу.
Мындан тышкары, делегат канализация системасын толук бүтүрүүнү, Мамлекеттик ипотекалык компания (ГИК) аркылуу турак жайларды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана мектептерде «Ыйман сабагы» аттуу сабакты киргизүүнү суранды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



