Ош шаарынан келген делегат президентке «улуттук трагедия» тууралуу билдирди

Эгемендүүлүк жылдарында 1,5 миллиондон ашуун кыргыз жараны чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду, — деп билдирди Ош шаарынан келген делегат Айбек Таалайбек уулу 26-декабрда IV Элдик курултайда.

Анын айтымында, муну эч кандай ашыра айтпастан, "улуттук трагедия" деп атоого болот.

Таалайбек уулу мисал катары коңшу Казакстанды келтирди. Анын маалыматына ылайык, ошол эле мезгил аралыгында алар тарыхый мекенине 1 миллионго жакын этникалык казактарды кайтарып, аларга жеңилдиктерди, мамлекеттик колдоону жана жөлөкпулдарды беришкен.

«Ушуга байланыштуу биздин кайрылмандар үчүн да жеңилдиктерди караштыруу зарыл деп эсептейм. Сиздин жетекчилигиңиздин учурунда тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды кайтаруу иши ишке ашса, абдан жакшы болмок. Бүгүнкү күндө кайрылмандар жылдап — беш жыл же андан да көп убакыт бою — паспорт ала албай, ар кандай мекемелердин босогосун аттап, бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылып, жыйынтыгында иштерин бүтүрө албай кайрадан башка жол издегенге аргасыз болуп жатышканы көрүнүп турат», — деп пикирин билдирди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз