Президенттин администрациясында жыйынтык чыгарылып, бир катар кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттик администрациянын кызматкерлеринин жалпы жыйынында 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, бир катар кызматкерлерге Министрлер кабинетинин ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.
Касымалиевдин айтымында, өтүп бара жаткан жыл Президенттик администрация үчүн мазмундуу жана татаал болду, ошого карабастан коюлган бардык милдеттер аткарылды.
Анын сөзүнө караганда, жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДП) 10 пайыздан ашык өсүп, өлкө экономикалык өсүштүн темпи боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди.
Жыйында аймактар менен өз ара аракеттенүү, тышкы жана тармактык саясат, укуктук камсыздоо, массалык маалымат каражаттары жана иш кагаздарын жүргүзүү багытындагы түзүмдөрдүн иши оң бааланды.
Белгиленгендей, 2025-жылы:
• өлкөнүн ИДПсы 1,8 трлн сомго жетти;
• консолидцияланган бюджет алгач ирет 1 трлн сомдон ашты;
• республикалык бюджет 34,3 млрд сом профицит менен жыйынтыкталды;
• биринчи жолу өнүгүүгө багытталган чыгымдар социалдык чыгымдардан ашты;
• 341 инфраструктуралык объект пайдаланууга берилди жана башка көрсөткүчтөргө жетишилди.
Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев жамаатка аткарылган иш үчүн ыраазычылык билдирип, 2026-жылы Президенттик администрация мамлекет башчысынын жетекчилиги алдында ишин уланта турганын белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


