Азия кубогу: Олимпиадалык курамдын беттештеринин жадыбалы
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) 6-январда Азия Кубогунун финалдык баскычындагы оюндарын баштайт.
Турнир Эр-Рияд жана Жидда шаарларында өтүп, ага 16 курама команда катышат. Командалар төрт тайпага бөлүнгөн.
Кыргызстан курама командасы А тайпасына түшүп, анда Сауд Арабиясы, Вьетнам жана Иорданиянын курамалары менен беттешет.
Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча эң мыкты эки команда плей-офф баскычына жолдомо алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



