Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын Азия Кубогундагы оюндары жыйынтыкталды

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасынын Азия Кубогундагы жолу аягына чыкты. 20 жашка чейинки футболчулар Азия Кубогунун тайпалык этабындагы бардык - үч оюнунда тең жеңилди.

Сергей Пучковдун шакирттери "А" тайпасында алгач Австралия курамасы менен ойноп, 5:1 эсебинде утулган болсо, Кытай курамсына 5:2 эсебинде жеңилип, Катар курамынан 4 гол өткөрүп жиберип, кураманын андан аркы оюндары аяктады.

Оюндан кийин команданын оюнчусу Бекназ Алмазбеков комментарий берип, кураманын ийгиликсиз оюндарын шермендечилик деп атады.

"Сүйлөгөндө эмне, баягы эле сөздөр. Мурдагы Азия чемпионатында да улуттук курам менен ушундай эле жыйынтык көрсөткөнбүз. Азия чемпионаты башталып жатканда эле балдарга айткам, жок дегенде бир упай алалы, жигиттер деп. Бул жерде чыныгы футбол болот. Билбейм эми, балдардын тажрыйбасы жетишкен эмес окшойт. Билбейм эми, сүйлөгөндөн деле уялып атам. Чынын айтканда уят, шермендечилик. Негизи көп нерсе жетишпейт экен. Балдарга чоң сабак болду да. Билбейм, негизи Испанияда эмне кылып жүрдү 2 ай бою?.. Мен кийин эле Кытайга келип кошулдум да. Эки ай бою кандай машыгуулар болду, мен ал жакта жок болдум. Негизи уят, эч нерсе кыла алган жокпуз.

Албетте бүгүнкү оюн деле эч нерсени чечпейт болчу. Бирок, сүйлөшүп жатканда "намыс үчүн ойноп коюш керек, жок дегенде 1 упай алып коюш керек" деп жаттык эле. Анын бири дагы болгон жок",-деген ал.

"А" тайпасындагы кырдаал

Австралия бардык оюндарда жеңишке жетишип, 9 упай менен тайпанын сап башына жайгашкан болсо, Кытай курамасы 6 упайга ээ болуп, экинчи катарга жайгашты. Ал эми Катар курамасы 3 упай менен үчүнчү, Кыргызстан 0 упай менен акыркы орунду ээледи.

Курамалардын жеке беттештери

Австралия-Кыргызстан 5:1, Кыргызстан-Кытай 2:5, Катар-Кыргызстан 4:0.

Австарлия - Кытай 2:1, Австралия-Катар 3:1, Кытай-Катар 2:1.

Курамалардын тайпадагы статистикасы

Австралия курамасы үч оюнда тең жеңишке жетишип, 9 упайга ээ болду. Үч оюнда 10 гол киргизип, 3 гол өткөрүп жиберген. 

Кытай курамасы 3 оюнда эки жолу жеңишке жетип, 6 упай топтоп, 8 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберген.

Катар үч оюнда бир жолу жеңишке жетип, 3 упайга ээ болуп, 6 гол киргизип, 5 гол өткөрүп жиберген.

Кыргызстан курамасы үч оюнда тең жеңилип, 3 гол киргизип, 14 гол өткөрүп жиберген.

Азия кубогунун тайпалык баскычындагы оюндар Кытайдын Шэньчжэнь шаарында 12-февраль күнү башталган. Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөштү. 


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз