Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында күмүш жана коло медаль утту

Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын эки балбаны байгелүү болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу жазды.

67 кг салмак категориясында Раззак Бейшекеев күмүш медаль тагынса, 77 кг салмак ченинде Ырыскелди Максатбек уулу коло медалга ээ болду. Жалпы мелдешке грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын 10 балбаны катышкан, бирок калган спортчулар байгелүү орунга илине алган жок.
 
Командалык эсеп боюнча Иран беш алтын, үч күмүш медаль менен биринчи орунду ээледи. Өзбекстан үч алтын, эки күмүш жана бир коло медаль менен экинчи, ал эми Жапония үч алтын, бир күмүш жана төрт коло байге менен үчүнчү орунга чыкты. Кыргызстан бир күмүш жана бир коло медаль менен командалык эсепте алтынчы орунду ээледи. Бул акыркы сегиз жыл ичиндеги Кыргызстандын улуттук курама командасынын Азия чемпионатындагы эң начар көрсөткүчү болуп калды.
 
Азия чемпионаты 25-мартта башталып, 30-мартта жыйынтыкталат. Алдыда дагы эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз