Бишкек: Аламединде жаш балдарды мазактап, физикалык күч колдонгон жаран кармалды

Бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 6-январда «Сводка АКИpress» редакциясына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Аламедин айылындагы жеке үйлөрдүн биринде жаштарга карата кордоо жана зомбулук көрсөтүлгөн учурлар чагылдырылган видео тараган. Бул тасмалар коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1993-жылы туулган Ф.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга (ИВС) киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы физикалык же психологиялык зомбулуктун, агрессиянын, адамдык ар-намысты басмырлоонун жана башка мыйзамга каршы аракеттердин бардык түрү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз