Оштогу күрөөканада каракчылык болду. Чыгым 1 млн 600 миң сом

Оштогу күрөөканада каракчылык фактысы катталды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя 11-июнь күнү “Ош Нуру” мейманканасындагы күрөөканалардын биринде болгон.
 
Анда кара кийимчен, беттери чүмбөттөгөн эки жаран күрөөканага кирип, анда иштеген жаранды коркутуп, ичиндеги зер буюмдарды, акчаларды алып чыгып кетишкен.
 
Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тасытктап, шектүүлөр кармалганын кабарлады.
 
2025-жылдын 11-июнь күнү  болжол менен түнкү  саат 04:30 чамасында,  белгисиз эки жаран  Ош шаарынын Баялинов көчөсүнүндөгү      “Ош-Нуру” мейманканасынын 1-кабатынын батыш тарабындагы   күрөөканасына киришип, ал жерде иштеген 21 жаштагы кызматкерди   өздөрү менен алып келген белгисиз  тапанчага(кийинчерээк ал Макаровго түспөлдөш газ тапанчасы болуп чыкты)  окшогон курал жана  темирдин кесиндиси менен коркутушуп, денесине залал келтиришкен.  Жабырлануучунун берген арызына ылайык,  күрөөкананын ичинеде турган темир сейфтин ичинен болжол менен 300 000 (жүз миң) сом жана 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) сомдук алтын-зер буюмдарын тоноп  кетишкен.
 
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 207-беренеси(каракчылык)   кылмыш иши козголгон. 
 
“Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн   жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери  тарабынан бул кылмышка шектүу катары Бишкек шаарында бекинип жүргөн жеринен Ош шаарынын тургуну 2001-жылы туулган    туулган А.Э. жана  2000-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну  С.А. кармалышып, 14-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалгандар кийин алар окуя боюнча толугу менен көрсөтмө беришип, жасаган кылмышты мойнуна алышты. Шектүүлор тоноп алышкан акча каражаттарын жана алтын буюмдарынын айрым болугүн иштетип үлгүрушкөн. 16-июнь күну Ош шаарынын соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды. 
 
Учурдан пайдаланып, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы шаар аймагындагы бардык соода түйүндөрүнүн, валюта алмаштыруучу жайлардын жана жеке турак-жай ээлерине  коопсуздук үчүн видеокамера орнотууну сунуш кылат! Соода түйүндөрүнүн, турак-жайыныздын коопсуздугун камсыз кылууга салымыңыздарды кошуңуздар, видеокамера орнотуңуздар!”,- деп айтылат маалыматта.
 
Азыркы учурда ыкчам-терөө аракетери жүргүзүлүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз