Азия Кубогу (U-23): Кыргызстандын жана Вьетнамдын мурдагы оюндары кандай өткөн? Натыйжалар
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) 9-январда Сауд Арабиясында өтүп жаткан Азия кубогундагы экинчи беттешин өткөрөт.
Эдмар Ласерданын тарбиялануучулары Вьетнамдын теңтуштарына каршы ойношот.
6-январда өткөн биринчи турда кыргызстандыктар Сауд Арабиясынын курамасына утулуп калышса, Вьетнам Иорданияны жеңген.
Жаштар курамалары деңгээлинде Кыргызстан менен Вьетнам буга чейин эки жолу беттешкен.
Алгачкы жолу бул командалар 2014-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында жолуккан. Алар тайпалык этаптын акыркы турунда кездешип, анда Вьетнам 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Жалгыз гол пенальтиден киргизилген. Регламентке ылайык, Азия оюндарында курамга жаш курагы боюнча үч улуураак оюнчуну кошууга уруксат берилген. Ал кездеги Кыргызстандын курамасында Валерий Кашуба, Чолпонбек Эсенкул уулу жана Азамат Байматов ойношкон. Ошондой эле командада Валерий Кичин, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу жана Муролим Ахмедов да болгон.
Эки олимпиадалык кураманын экинчи беттеши 2023-жылы Катарда өткөн эл аралык мелдеште болгон. Оюндун негизги убактысы 0:0 эсеби менен аяктап, кыргызстандыктар Мидин Керезбеков кызыл карточка алып, талаадан чыгарылгандан кийин беттешти азчылыкта улантышкан. Пенальтилер сериясында Кыргызстандын курамасы 5:4 эсебинде жеңишке жеткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



