Футбол боюнча кыргызстандык машыктыруучу тарыхый жетишкендикке жетишти

Кыргызстандык футбол машыктыруучу Мирлан Эшенов тарыхый жетишкендикке жетти, аны кайталоо мүмкүн эмес десе да болот. Анткени мындай нерсе болгону Кыргызстанда эле болушу мүмкүн, деп жазат "Спорт АКИпресс".

Кызыгып калдыңызбы? Анда айтып берели! Бирок алгач аз-маз тарыхый маалымат…
 
2024-жылдын аягында Эшенов Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасынын машыктыруучусу болуп иштеп жаткан. Бул команда ошол эле учурда «Илбирс» клубу болчу. Команда Азия Кубогунун финалдык этабына даярданып жаткан, турнир Кытайда өтмөкчү эле.
 
Бирок декабрда Эшенов кызматтан алынып, анын ордуна башкага ишенип беришкен. Бул биринчи оюнга 59 күн калганда болгон.
 
Жайында Эшенов «Абдыш-Атага» келет. Ал жерде машыктыруучу кетип калган эле. Эшенов келгенден кийин команда 4 оюнун удаасы менен утуп, жалпы эсеп 15:2 болду.
 
Андан кийин Эшенов Канттагы клубдан кетип, 16-июнда убактылуу Бишкектеги «Алганы» жетектегени белгилүү болот. Эртеңинде эле команда Кыргызстандын Кубогунда 3:0 эсебинде жеңишке жетишет.
 
Оюндун соңунда «Кыргыз спорт ТВ» каналына маек куруп жатып, Эшенов клубга болгону эки жумага келишим түзгөнүн, контракты 2-июлга чейин экенин айтат. Дал ошол күнү «Алга» Кыргызстандын чемпионатынын 13-турунан кийинки жылдырылган оюнду «Илбирс» менен ойномок.
 
28-июнда «Алга» Кыргызстандын Кубогунун чейрек финалында «Дордойго» 1:3 эсебинде утулуп, турнирден чыгып калат. Оюндун соңунда ошол эле телеканалга Эшенов «Алгадан» кийин «Барсты» жетектей турганын билдирет. «Барсты» учурда анын «Абдыш-Атадагы» жардамчысы машыктырып жаткан эле.
 
Премьер-Лиганын 13-турундагы 7 оюн дээрлик эки аптага созулуп кеткен. Буга Кыргызстандын жаштар жана өспүрүмдөр курама командаларынын оюндарынан улам «Илбирс», «Алга» жана «Барс» клубдарынын оюнчуларынын жоктугу себеп болгон.
 
Эми эң кызыктуу жерине келдик!
 
2-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө СК «Алга» стадионунда «Алга» менен «Илбирс» беттешет. «Алга» кыйынчылыкты жеңип чыгып, 2:1 эсебинде жеңишке жетет. Бул оюн Эшеновдун «Алгада» акыркы матчы болуп калат.
 
«Жеңдик, бирок Кубокто баары жакшы болгон жок. Бизге 3+ деген баа койсо болот деп ойлойм», — дейт Эшенов оюндун соңунда.
 
Эшенов «Алгадан» кетет, бирок жумушсуз калбайт. Ал дароо эле «Барс» клубунун машыктыруучусу болуп ишке киришет. Алардын да оюну жылдырылган эле. Оюнду 3-июлга которушкан. Кант шаарында Караколдун «Барсы» учурдагы чемпион «Абдыш-Ата» менен беттешмек.
 
3-июлда саат 20:00дө Канттагы «Нитро Арена» стадионунда «Абдыш-Ата» менен «Барс» ойнойт. Оюн 2:1 эсебинде Эшенов жетектеген жаңы команданын пайдасына аяктайт. Караколдук команданын голдорун Фархат Мусабеков жана Кайрат Жыргалбек уулу киргизет. Алар былтыр эле «Абдыш-Атанын» чемпион болушуна салым кошкон оюнчулар.
 
Ошентип, Мирлан Эшенов 24 (же эсептөө жолуна жараша 26) сааттын ичинде Кыргызстандын чемпионатында эки башка команданы жетектеп, экөөндө тең жеңишке жетишти. Мындай учур дүйнөлүк футболдо болгон беле деген суроо жаралат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз