Мэрия коомдук угуунун жыйынтыктарын жана Бишкектин башкы планын долбоорунун жаңыртылган схемасын жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы 2050-жылга чейинки борбор калаанын Башкы планынын долбоору боюнча түшкөн сунуштарды кароонун жыйынтыктарын жана долбоордук схемада киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөрдү тааныштырды.

Башкы план 2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан келечектүү шаар куруу боюнча Илимий-изилдөө институту менен биргеликте иштелип чыккан. Бул документ калктын өсүшү, инфраструктуралык жана экологиялык факторлорду эске алуу менен борбор калааны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт.

2025-жылдын 24–25-декабрында Бишкек шаарында Башкы план долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн.

Талкууга шаар жетекчилиги, документти иштеп чыгуучулар, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, массалык маалымат каражаттары, бизнес коомчулугу жана мамлекеттик органдар катышты. Коомдук угуулар учурунда шаарды келечекте өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар сунуштар жана эскертүүлөр айтылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз