Бишкекте 13-январда Түркияда иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн интервью өтөт
Бишкек шаарында 13-январда Түркия Республикасында мейманкана кызмат көрсөтүү тармагында иштегиси келген кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору билдирди.
Маектешүү төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер үчүн өткөрүлөт:
• жаш курагы 18ден 35ке чейин;
• түрк, англис же башка чет тилдердин бирин билүү;
• төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер каралат: массажист (сертификаты болгон учурда), ашпозчу жана пляждык куткаруучулар.
Маектешүүгө катышуу Түркияда мейманкана тармагында мыйзамдуу жана уюшкан түрдө ишке орношуу үчүн тандоодон өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кызматтар толугу менен акысыз көрсөтүлөрүн кошумчалады. Талапкерлерден ортомчулук кызматтар үчүн акы алынбайт.
Төлөмдөр визалык жол-жоболордун алкагында гана жүргүзүлөт, кошумча же жашыруун төлөмдөр каралган эмес.
Катталган талапкерлерди түрк жумуш берүүчүлөрү тарабынан тандоо жүргүзүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



