"Ош жаңырыгы" гезити ар тармактын мыктыларын дипломдор менен сыйлады

"Ош жаңырыгы" гезитинин жыл мыктыларын сыйлоо аземинен.

Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезити 2025-жылы Ош облусунун өнүгүшүнө ар тараптуу салым кошуп, облустагы райондордун социалдык-экономикасына, коомдук, маданий турмушуна салым кошкон ар тармактын өкүлдөрүнө сыйлыктарды ыйгарды.

Гезиттин башкы редактору Асанбек Каракозуев сыйлык тапшыруу аземине катышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди өз тармагында жетишкен ийгиликтери менен кызуу куттуктап, мындан ары иштерине да ийгиликтерди каалап, буларга токтолду.

"Мамлекеттин рычагы - бул мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык кызматкерлер. Анын ичинде майда, бирок опол тоодой эмгек кылган кызматкерлер да арбын. Өлкөнүн локомотиви - кадрлар. "Кадрлар баарын чечет", - деген айтылуу цитата да ошондон калган. Андыктан, "2025-жыл кандай жыл болду?", "Анда кимдер активдүү болуп, мыкты болду?" деген суроолордун тегерегинде ой толгоп, редакциядагы жамаат менен кеңешип, силерди тандадык. Баарыңыздар жумушуңуздарды мыкты түрдө аркалап, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жүрө бериңиздер", - деди Каракозуев.

Андан ары ал ар тармактын мыктыларына дипломдорду тапшырып, ийгиликтер каалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз