Кыргызстанда B категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуу мөөнөтү 10 айды түзөт
Кыргызстанда B категориясындагы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуу мөөнөтү 10 айды түзөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев түз эфирде билдирди. Окуу процессине окутуу жана тестирлөө этаптары толук кирет.
Анын айтымында, окутуунун негизги багыттары — B жана C категориялары.
Туманбаев автоунаа айдоо мектептеринин ээлерине кайрылып, мындан ары белгиленген тартиптен тышкары акчага айдоочулук күбөлүк берүү же окутуу жол берилбей турганын эскертти.
Анын айтымында, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйгөндүктөн, аны азайтуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле Туманбаев айрымдар айтып жаткандай, окуу акысы 100–130 миң сом болот деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
«Мындай баалар жок. Туура эмес маалымат таратпоону суранмакмын», — деди ал.
Анын кошумчалашынча, бардык толук маалыматтар, анын ичинде акыркы баалар дүйшөмбү күнү жарыяланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



