Президент жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча мамлекеттик комиссия түздү

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрындагы №457 тескемеси менен жер тилкелерин легалдаштыруу маселелерин кароо боюнча Мамлекеттик комиссияны түздү.

Комиссия президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы №364 «Жер амнистиясынын алкагындагы объектилерге жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекемдөө иштерин жыйынтыктоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында түзүлгөн.

Комиссияга аталган жарлыктын 2–4-пункттарында каралган жер тилкелерин легалдаштыруу маселелерин кароо жана анын жыйынтыгы боюнча Президенттин Администрациясына маалымат берүү милдети жүктөлдү.

Тескемеге ылайык, комиссия министрликтерден жана ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, ошондой эле макулдашуу жолу менен мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына суралган материалдарды ыкчам берүү жана комиссиянын ишине көмөк көрсөтүү сунушталды.

Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Баймурза Маатов, төраганын орун басары болуп Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев дайындалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз