Милиция Ала-Арча дарыясынан табылган жарандын өздүгүн аныктады

Ахунбаев көчөсүндөгү көпүрөнүн алдындагы окуя боюнча тергөө алдындагы текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-январда Ала-Арча дарыясынын тоңуп калган бөлүгүндө бир эркек киши табылган. Окуяны көргөн жарандар аны суудан чыгарып, алгачкы жардам көрсөтүшүп, медицина кызматкерлерине жана милицияга кабар беришкен. Эркек кишинин айтымында, аны дарыяга түртүп жиберишкен.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, саат 10:56да «102» номуруна окуя тууралуу билдирүү түшкөн. Тергөө алдындагы текшерүүнүн жүрүшүндө эркек кишинин өздүгү аныкталып, ал 1969-жылы туулган И.К. экени белгилүү болгон.

Райондук милициянын маалыматы боюнча, ал окуя болгон учурда спирт ичимдигинин таасиринде болгон. Кийинчерээк милиция күбөлөргө таянып, эркек киши дарыяга өзү кулап кеткенин кошумчалады.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз