Миграция жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр: КРнын мурунку жарандарына өзгөчө жашоо режими киргизилүүдө
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи. Анда мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында болуп, учурда башка мамлекеттердин жараны болуп саналган адамдардын Кыргызстанда болуу мөөнөттөрүн өзүнчө жөнгө салуу сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, мыйзамдын 6-беренесинин учурдагы редакциясы бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн өлкөдө болуунун бирдей чектөөлөрүн белгилейт (анын ичинде 120 күндүн ичинде 60 күн, 180 күндүн ичинде 90 күн жана башка режимдер). Ошол эле учурда, мурда Кыргызстандын жараны болгон адамдар көп учурда республика менен бекем үй-бүлөлүк, социалдык жана экономикалык байланыштарды сактап келишет: туугандары бар, кыймылсыз мүлккө ээ, бизнес жүргүзүшөт жана инвестиция салышат, ошондой эле миграциялык чектөөлөргө байланыштуу өлкөдөн үзгүлтүксүз чыгып турууга мажбур болушат.
Салыштырма таблицада 6-беренени төмөнкү норма менен толуктоо сунушталганы көрсөтүлгөн: өлкөдө болуу мөөнөтүнө карата чектөөлөр мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында болуп, учурда чет мамлекеттин жарандыгына ээ болгон адамдарга колдонулбайт.
Мындай адамдар Кыргыз Республикасынын миграция тармагындагы мыйзамдарынын жана чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы тууралуу талаптарды сактоо шарты менен, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык, визасыз, болуу мөөнөтүнө чектөө коюлбастан Кыргызстанга кирип-чыга алышат, транзит менен өтүшөт жана өлкө аймагында жүрө алышат.
Демилгенин автору белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жаңы миграциялык макамды киргизбейт жана миграция мыйзамдарынын жалпы талаптарын жокко чыгарбайт, болгону көрсөтүлгөн адамдар категориясы үчүн кошумча укуктук мүмкүнчүлүк берет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



