Бишкекте «Путь в жизнь» реабилитациялык борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды: бир катар жарандар кармалды

 Адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (КР УКМК) Бишкек шаарында жайгашкан «Путь в жизнь» реабилитациялык борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктады.

 Маалым болгондой, аталган борбор өзүн ар кандай көз карандылыктан жабыркаган жарандарды реабилитациялоого адистешкен жеке медициналык жана психиатриялык мекеме катары көрсөтүп келген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө борбор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп иш алып барганы аныкталган.

Тактап айтканда, жогорку медициналык билими жок, мурда өзү да көз карандылыктан жабыркаган кызматкерлер борбордун жетекчилигинин көрсөтмөсү менен жасалма психиатриялык процедураларды жана «дарылоочу» сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бейтаптардын абалы оорлошуп, «срыв» болгон учурларда аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмалар колдонулуп, физикалык күч көрсөтүлгөн.

Атап айтканда, бейтаптар бут-колду бекитүүчү керебеттерге байланган, дубинка, электр шокер, оозду жабуучу каражаттар жана башка кыйноочу шаймандар пайдаланылган. Мындан тышкары, баш ийбеген бейтаптар караңгылатылган, изоляцияланган бөлмөлөргө камалып, 7–8 суткага чейин даараткана жана жеке гигиена каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Айрым учурларда памперс кийгизүү фактылары да катталган.

Белгилүү болгондой, борбордун ишмердүүлүгү анын ээлерине олуттуу киреше алып келген. Бир бейтап үчүн ай сайын алынган төлөм 80 миң сомду түзгөн. Ошол эле учурда, бейтаптардын туугандары жана жакындары борбордо колдонулган чыныгы «дарылоо» ыкмалары тууралуу маалымдар болгон эмес.

Ошондой эле текшерүү учурунда борбордо венерикалык жана жугуштуу оорулары (ВИЧ, кургак учук, грибок оорулары, паразиттер, сифилис, герпес, гепатит ж.б.) бар бейтаптарды бөлүп жайгаштыруу талаптары сакталбаганы аныкталган. Жугуштуу оорулардын аба-тамчы жана контакттык жол менен жугуу коркунучуна карабастан, бардык бейтаптар жалпы шартта кармалып турган.

Мындан сырткары, медициналык кызматкерлердин мыйзамсыз материалдык пайда алуу схемасына катыштыгы бар экенин тастыктаган далилдер алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгында жана КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

КР УКМК «Путь в жизнь» реабилитациялык борборунун кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды Чүй облусу боюнча УКМКнын нөөмөт кызматына 0312 53 03 01 телефону аркылуу кайрылууга чакырат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз