Бир кызды өлтүрүп, бир нечесин зордуктоого шектелген жарандын жазасын жеңилдетип, беренесин өзгөртүүгө шектелген соттор менен прокурор камалды
25-ноябрда Биринчи май райондук соту таксист Кумарбек Абдыровдун иши боюнча өтүп жаткан мурдагы судьяларды, прокурорду жана адвокатты камакка алды.
«Сводка АКИpress» агенттигине райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар 20-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атап айтканда:
мурдагы судьялар – КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү (уюшкан топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгында жасалган же оор кесепеттерге алып келген коррупция) жана 352-беренесинин 1-бөлүгү (судья тарабынан мыйзамсыз өкүм, чечим же башка сот актысын чыгаруу) боюнча айыпталууда:
Сания Бранчаева;
Жаныл Мамбеталы;
Кайсын Абакиров.
прокурор М.Д.И — 41-берененин 4-бөлүгү менен 336-берененин 1,2-бөлүктөрү (уюшкан топтун кызыкчылыгында же оор кесепеттерге алып келген коррупцияга көмөктөшүү) жана 352-берененин 1-бөлүгү боюнча айыпталууда;
адвокат Ж.С.Т — 41-берененин 4-бөлүгү менен 336-берененин 1,2-бөлүктөрү (коррупцияга көмөктөшүү) жана 41-берененин 4-бөлүгү менен 352-берене (судьянын мыйзамсыз өкүм чыгарышына көмөктөшүү) боюнча айыпталууда.
Иштин таржымалы
41 жаштагы таксист Кумарбек Абдыров кыздарды серийалык зордуктоого жана өлтүрүүгө шектелүүдө. Алардын арасында 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө болгон аракет да бар.
Ошол жылы Абдыров кармалып, биринчи инстанция аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык соту Сания Бранчаева, Жаныл Мамбеталы жана Кайсын Абакировдун төрагалыгы алдында жаза мөөнөтүн 7 жылга кыскартып, айыбын «каракчылык» беренесине өзгөрткөн. 2018-жылы ал амнистия менен бошотулган.
2025-жылы сентябрда Абдыров Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу Мукашеваны зордуктап өлтүрдү деген шек менен кайрадан кармалды.
МВДнын маалыматы боюнча, сурак учурунда Абдыров жана анын жакындары «жазадан качууга жардам берген» коррупциялык схема тууралуу айтып беришкен. Алардын маалыматына ылайык, схемага прокурор Д.М. жана адвокат С.Ж. аралашкан. Адвокат кармалып, камакка алынган.
Мурдагы судьяларга 336-берене («Коррупция») жана 352-берене («Мыйзамсыз сот актысын чыгаруу») боюнча, ал эми прокурорго 336-берене боюнча айып коюлду. Баары камакка алынып, тергөө абагына киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



