«Чалдовар Автодорожный» өткөрмө пунктундагы кылмыш иштерге байланыштуу бир нече мамлекеттик кызматкер кармалды
Бүгүн, 24-сентябрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы К.Ташиев 2025-жылдын 20-январында күчүнө кирген «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынганына карабастан, айрым жетекчилер кызматкерлердин функционалдык милдеттерин аткарууда көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде камсыздай албай жатканын белгиледи. Анын айтымында, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган түшүндүрүү, алдын алуу жана талдоо иштеринин жоктугу, ошондой эле кадрларды дайындоо маселесиндеги кемчиликтер коркунучтуу көйгөйлөрдү жаратууда.
Андан соң К.Ташиев жыйындын негизги темасы катары Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абалды атады.
"УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган өткөрмө пункттун аймагында Мамлекеттик салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин алдын ала макулдашуусу аркылуу иштеген туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Тактап айтканда, аталган өткөрмө пункттун аймагында Салык кызматынын, Чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери «ортомчулар» менен сүйлөшүп, жалган товарларды коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо схемасын түзүшкөн.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (коррупция) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында КР жарандары Ж.Н.Т., Ш.у.К. (Чалдовар айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты), Т.К.Э. жана Өзбекстан Республикасынын жараны Т.Э.Н. «Жорго ТД» жана «Радиант» ЖЧКсын катташып, мамлекеттик кызматкерлерге «М-Банк» интернет капчыгын толуктоо жана товарларды контрабандалык жол менен алып келүүнү жашыруу максатында накталай пара төлөп турушканы аныкталды", - деп айтылат.
2025-жылдын 18-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схемага тиешеси бар кызматкерлердин системалуу түрдө акча алганын ырастаган далилдер алынган. Натыйжада Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциянын 4 кызматкери кармалды.
Маалыматтарга ылайык, «ортомчулар» «Жорго ТД» жана «Радиант» фирмалары аркылуу жасалма документтердин негизинде жүк ташуу үчүн бир транспорттук бирдиктен 1500дөн 2000 АКШ долларына чейин акча алышкан. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер арасындагы мыйзамсыз сый акы 5000 сомдон 7000 сомго чейин жеткен. Күнүнө «Чалдовар Автодорожный» өткөрмө пунктунан мамлекеттик кызматкерлер 80 000 сом чогулткан. Бул коррупциялык схема республика бюджетине миллиондогон сом зыян келтирген.
Ошондой эле генерал-полковник К.Ташиев Чүй облусундагы «Ак-Жол Автодорожный» жана «Ак-Тилек Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пункттарында да коррупциялык фактыларга байланыштуу маалыматтар келип жатканын билдирди.
УКМК төрагасы бардык күнөөлүүлөрдү кызматтан бошотуу, алардын мүлкүн камакка алуу, схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүү жана натыйжасында камакка алуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызматын карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.