Дүйнө чемпионаты (U-20): Кыргызстандын хоккей курама командасы Гонконгду жеңди
Кыргызстандын хоккей боюнча U-20 курама командасы үчүнчү дивизиондун В тайпасындагы дүйнө чемпионатында ийгиликтүү старт алды.
Алты команданын катышуусунда өтүп жаткан мелдеш 18-январда Бишкек шаарында башталды.
Биринчи турдагы беттеште кыргызстандыктар «Бишкек Арена» муз аянтчасында Гонконгдун курама командасы менен кез келди.
Алгачкы эки период тең чыгуу менен аяктады — 0:0 жана 1:1. Кыргызстандын курамында Умар Эгембердиев шайба киргизип, эсеп ачты.
Акыркы 20 мүнөттүктүн ортосунда Алихан Али-Аскаров атаандаштын дарбазасына экинчи шайбаны киргизди. Андан кийин Умар Эгембердиев дагы эки жолу айырмаланып, хет-трик жасады.
Беттештин жыйынтык эсеби — 4:1, Кыргызстандын курама командасынын пайдасына. Натыйжада команда 3 упай топтоду.
Экинчи турда, 19-январда, кыргызстандыктар Түштүк Африка Республикасынан (ЮАР) келген теңтуштары менен ойношот. ЮАР курамасы биринчи турда Мексикадан утулган.
Биринчи тур — 18-январь
Кыргызстан – Гонконг — 4:1
(0:0, 1:1, 3:0)
Шайбаларды киргизген оюнчулар:
• 21:10 — Умар Эгембердиев, 1:0
• 28:51 — Yeung Chak Kai CHENG (Гонконг), 1:1
• 50:41 — Алихан Али-Аскаров, 2:1
• 54:33 — Умар Эгембердиев, 3:1
• 59:43 — Умар Эгембердиев, 4:1
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



