Арген Жаркынбаев: "Волейболсуз жашоону элестете албайм"


Учурда Кыргызстанда волейбол оюну канат жайып, кеңейип баратат. Спорттун бул түрүн ойногон жөнөкөй жарандардын, айрыкча жаштардын саны мурунку убактарга салыштырмалуу көбөйгөнү байкалууда. Ал эми профессионалдуу волейбол жаатында да Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатат. Мындай шартта, биз, кесипкөй волейболчулар менен сүйлөшүп, аларды коомчулукка таанытууну чечтик. Алдыда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялык институтунун 4-курсунун студенти, волейбол боюнча ОшМУнун жана Кыргызстандын Улуттук курама командасынын оюнчусу Арген Жаркынбаев менен маек куруп, бир канча суроолорго дагы жооп ала алдык.
 
-Саламатсызбы, Арген мырза? Эң биринчи суроом, топту көргөндө эле эмнени элестетесиз деген суроо болсунчу?..
 
-Саламатчылык. Топту көргөндө эле көз алыдыма эң алгач студент болгонум, мээнет, эмгек, аракет, ийгилик тартылат. Топтун, спорттун аркасы менен өзүмдү ар тараптан өнүктүрө алдым десем болот. Волейболсуз өзүмдү жашоодо элестете албайм чындыгында.
 
-Волейболду мектепте эле ойнойт белеңиз же студент болгондо баштадыңызбы?
 
-Мектеп кезде топко анчалык жакын эмес элем, ОшМУга келгенден тартып, акырындан баарын үйрөндүм. Университет тарабынан өтүлгөн оюндарга 22 жашымдан катыша баштагам. Учурда 26 жаштамын. Убакыттын өтүүсү менен барын билип, сезип, мыкты ойногонго аракеттенип калат экенсиң.
-ОшМУнун курама командасына кантип кошулуп калдыңыз?
 
-Окууга тапшырып, досторум, агайлар аркылуу келип калдым. Курама командага кошулуу үчүн бар күчүмдү жумшагам. Күн сайын машыгып, ар бир күнүмдүн көп убактысын спортко, волейбол үйрөнүүгө арнадым. Ошентип бул жакка оңой эле келе алган жокмун, мен качан күчкө толуп, барын билип калганда, башкача айтканда, 60-70% мыкты ойноп калган кезде кошулгам.
 
-Оюндагы эң кыйын учурду айтып кетиңизчи?
 
-Негизи оюнда ар кандай кыйынчылыктар болуп турат. Жаракат алып калышың мүмкүн, эмоцияга алдырып, өзүңдү жоготуп коюу деген нерселер бар. Бирөөгө көз каранды болуп, өзүңө ишене албай калган учурлар дагы баштан өтөт. Эң эле жаманы – максатсыз, аракети жок ойноп коюш, барынан жаман, барынан кыйын дегим келет. 
 
-Күн сайын машыгуу болобу?
 
-Албетте, бир жумада жети күн болсо, алты күн машыгуу болот, бир күн эс алуу. Аз дегенде жумасына эки жолу чуркоого чыгып турабыз. Андан сырткары, бир гана валейболдо эмес, спорттун бардык түрүндө тамактанууну жөнгө салуу деген көнүгүү бар. Бул дагы адамдын өзүн-өзү машыктыруусу болуп саналат.
 
-Алдыдагы пландарыңыз боюнча ой бөлүшө кетсеңиз?
 
-Буюрса, алдыда бир гана менде эмес, курама командада жалпы, машыктыруучу агайларда дагы ар дайым ийгилик менен эч бирибиз бөлүнбөй-жарылбай жүрсөк деген эң биринчи планыбыз. Өзүмдөгү пландар боюнча ата-энемди жетишкендиктерим менен кубандырууга ар дайым аракет кылам, мындан кийин дагы аракет кыла берем. Спорт жаатында ар кандай сыйлыктар, наамдар бар эмеспи, учурда ошол ийгиликтерге жетүүнүн аракетиндемин.
-Ушул кезге чейин кандай ийгиликтерди багындыра алдыңыз?
 
-Эң биринчи кезекте ОшМУнун курама командасында ойноп калганым мен үчүн эң чоң жетишкендик болду. Өзүм ийгилик жарата алдым десем жаңылышам, бизде команда менен иштөө деген биринчи орунда турат. Команда менен ар дайым аракет кылууда жолубуз бир. Андан сырткары, 2022-жылы Ош облусунда өтүлгөн Кыргыз Республикасынын чемпионатында 2-орунду багындырдык, 2023-жылы Ысык-Көл облусунда 1-орунду багындырганбыз, 2024-жылы тилекке каршы 4-орунду алдык. Алдыда 2025-жылга жакшы максат, аракеттерибиз бар.
 
-Чет жактарга чыгып, алардын валейболду ойноо жөндөмдүүлүгү менен тааныша алдыңызбы?
 
-Ооба, бул сөзсүз түрдө. Ар мамлекеттин, ар команданын өзүнчө ойноо ыкмасы бар. Волейболдун жардамы менен көп жерлерди көрө алдым. Алгач Пакистанга андан соң Казакстанга, Ташкентке ж.б. мамлекеттрге барууга мүмкүнчүлүк болду. 
 
-Спорттон сырткары эмнеге кызыгасыз?
 
-Көбүнчө бош убактымда өзүмө көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылам. Эң башкысы ар бир нерсеге ден соолук керек эмеспи. Таза абада чуркап, балык кармоого дагы кызыккан жайым бар. Убактымды бекер өткөзүп алуудан корком.

-Билим алуудан, спорттон сырткары иштейсизби?
 
-Эң кызыгы учурда иштебейм. Кыргызстанда иштеген эмесмин, чет жакта иштеп жүрдүм, бирок жумушту спорттон жогору коё алган жокмун. Бизде иштей турган тыным деле болбойт, ар дайым спорт, окуу менен алекпиз.
 
-Маегиңизге ыраазычылык билдирем. Окууңузга, иштериңизге ийгилик.
 
Маектешкен: Айганыш Нурлан кызы

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз