Кыргыз премьер-лигасы: Чемпиондук үчүн күрөшкөн үч клуб аталган мүмкүнчүлүктөн ажырады

Оштун «Алай», Бишкектин «Дордой», Канттын «Абдыш-Ата» клубдары чемпиондук үчүн күрөштөн четтеп калышты.

5-ноябрь күнү Премьер-лиганын 25-турунун борбордук оюнунда  «Дордой» клубу  «Абдыш-Ата» клубун  кабыл алды.

Оюн 1:0 эсебинде коноктордун — «Абдыш-Атанын»  пайдасына жыйынтыкталды. Жалгыз голду 58-мүнөттө Эрбол Абдужапаров киргизди.

Бул жеңиштин аркасында «Абдыш-Ата» «Дордойду» упай боюнча кууп жетип (53 упай), кошумча көрсөткүчтөр боюнча алдыга чыкты. Мында бир тур гана калган.

Эми эки команда тең чемпиондук наам үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 

Ошол эле күнү Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда «ОшМУ» клубу менен «Алай» кез келип, тараптар экиден гол киргизип, 1ден упайга ээ болушту. «Алай» клубу «Дордой» менен «Абдыш-Атага» салыштырмалуу мурдараак чемпиондук күрөштөн четтеп калган. 25-турдун жыйынтыгы менен «Алай» 46 упай алып, 5-сапка жайгашты.

Ал эми «ОшМУ» 41 упай менен 6-саптан орун алган болсо, «Дордой» 53 упай менен 4-сапта, «Абдыш-Ата» 53 упай (кошумча көрсөткүчтөр менен «Дордойдон» алдыда) менен 3-саптан орун алды. 

25 турдан кийин Кыргыз премьер-лигасында чемпион клуб аныктала элек. Жылдагы натыйжалардан айырмаланып, быйыл интрига акыркы турга чейин эки клуб ортосунда сакталып турат. 

26-турда «Барс» клубу «Талант» клубу менен кез келсе, «МЮ» «Алга» клубу менен ойнойт. Эгер «Барс» клубу атаандашын утса, «МЮ» «Алганы» уткан чакта да ысык-көлдүн клубу чемпион болот. Анткени алар 1 упай алдыда. Деген менен «Барс» утулуп, же тең чыгып,  «МЮ» жеңе турган болсо, анда манастыктар чемпиондукту майрамдашат.

 

Чемпионат башталардын алдында футбол адистери «Алай», «Дордой», «Барс», «МЮ» клубдары чемпиондук үчүн башкы фаворит клубдар болорун божомолдошкон эле.

Кыргызстандын клубдар аралык футбол чемпионатын «Дордой» клубу башкаларга салыштырмалуу эң көп чолу жеңип алган жалгыз клуб болуп саналат. Анын артында Бишкектин «Алга» клубу турат. Андан соң 4 чемпиондук менен «Алай» клубу турса, «Абдыш-Ата» клубу чемпионатты 3 жолу катары менен уткан клубга айланган.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз