«Хендай Солярис» жолдон чыгып, даракка урунду. Бир аял менен бир кыз каза болуп, экөө ооруканага түштү

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында (Красная Речка айылынын жанында) «Хендай Солярис» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, даракка сүзүлгөн.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен окуя болгон жерде бир аял каза болуп, дагы эки аял жана бир кыз жаракат алышкан. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Алар унаадан каза болгон аялдын жана жабыркагандардын денесин чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ӨКМ кошумчалагандай, ооруканага жеткирилип бара жаткан жолдо кыз каза болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз