23:00дөн 08:00гө чейин: Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди бакчалардан жана скверлерден 100 метрлик радиуста чектөө сунушталууда
Кыргызстанда «Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жөнүндө жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Бул мыйзам долбоору алкоголдук ичимдиктерди керектөөнү азайтууга жана улуттун саламаттыгын коргоого багытталганын мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Негиздеме-маалымкатка ылайык, алкоголду үзгүлтүксүз колдонуу өлүм-житимдин көбөйүшүнө, кылмыштуулуктун, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана ажырашуулардын өсүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Автор түнкү убакта алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана жол кырсыктарынын санын азайтышы мүмкүн экенин белгилейт.
Салыштырма таблицага ылайык, мыйзам долбоору менен 14-беренени эки негизги норма менен толуктоо сунушталууда:
1) Коомдук эс алуу жайларында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу
Калктуу конуштардын борбордук аянттарында, ошондой эле парктардын, бакчалардын, скверлердин, эс алуу зоналарынын жана көңүл ачуу комплекстеринин (анын ичинде аттракциондор парктары) аймагында — алардын чек арасынан 100 метр радиуста алкоголдук продукцияны сатууга тыюу салуу пландалууда.
2) Алкоголдук ичимдиктерди түнкү убакта чекене сатууга тыюу салуу
Мындан тышкары, алкоголдук продукцияны саат 23:00дөн тартып эртеси күндүн 08:00ине чейин чекене сатууга тыюу салуу сунушталууда.
Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда өзгөчө учурлар каралган. Тыюу төмөнкү учурларга жайылтылбайт:
• коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүдө алкоголдук ичимдиктерди саткан уюмдарга, дыйкан (фермер) чарбаларына жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жеке ишкерлерге;
• коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүүдө жеке ишкерлер тарабынан сыра, сыра ичимдиктери, сидр, пуаре жана медовуханы сатууга;
• бажы төлөмсүз соода дүкөндөрүнө (duty free), тактап айтканда, Бажы союзуна кирбеген аймактарга чыгып жаткан жарандарга товар сатуу учурларына.
Негиздеме-маалымкатта Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун болжол менен 75%ы алкоголдук мас абалында жасалары белгиленет.
Ошондой эле жол кырсыктары боюнча маалыматтар келтирилген: 2024-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасында 3 754 айдоочу алкоголдук мас абалында кармалган. Алардын 65и жол кырсыгына себепчи болуп, анын натыйжасында 117 адам жаракат алып, 2 адам каза болгон.
Депутаттын айтымында, мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө жана аймактарда да колдонулуп келет жана эл аралык тажрыйба алардын натыйжалуулугун тастыктайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



