УКМК Ысык-Көл РИИБдин убакталуу кармоочу жайынын мурдагы башчысын кармады

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн (ОВД) айрым кызматкерлери тарабынан кармалган жаран «М.К.»га карата опузалоо жана кыйноо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын (ГКНБ) басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө версиясына ылайык, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоо жайынын (ИВС) мурдагы начальниги, милициянын майору «Т.К.А.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «М.К.»га карата физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, ошондой эле ИВСте “жайлуу шарт түзүп берүүнү” убада кылуу аркылуу андан акча талап кылган. Жабырлануучу акча берүүдөн баш тарткандан кийин, «Т.К.А.» жана ОВДнын башка кызматкерлери кармалган жаранга дене жаракаттарын келтиришкен.

Бул факт ачыкка чыккандан кийин, «Т.К.А.» ички иштер органдарынан өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ИВСине киргизилди.

Учурда тергөө иштеринин алкагында Ысык-Көл райондук ОВДнын башка кызмат адамдарынын да «М.К.»га карата опузалоо жана кыйноо фактыларына тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз