УКМК "Элит-Строй-Сити" ЖЧКсынын үч кызматкерине Кыргызстандан чыгууга тыюу салды
Оштогу «Элит-Строй-Сити» ЖЧКсынын башкы директору жана эки кызматкерине Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, УКМКнын Ош облусу, шаары боюнча башкы башкармалыгында өткөн жыйында белгилүү болду.
Жыйынга УКМКнын Ош облусу, шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Архитектура министрлигинин Архитектура, курулушту-контролдоо департаментинин жетекчиси Эрназар Сүйөркулов, Ош шаардык архитектуралык курулуштарды контролдоо башкармалыгынын башчысы Орунбек Бейшебаев, Оштогу «Элит-Строй-Сити» ЖЧКсынын башкы директору Бекжан Касымжанов жана аталган компаниянын кызматкерлери катышты.
Жыйында УКМКнын кызматкери аталган компаниянын Ош шаарынын Төлөгөн Касымбеков көчөсүнүн №8А дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун кечеңдешинен улам элдин наарачылыгы пайда болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигинен ушул ишти көзөмөлдөп, элдин арызын карап коюу тууралуу тапшырма түшкөнүн билдирди.
«Сиздер менен түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүүн чечтик. Сиздердин шалаакылыгыңардан улам социалдык чыңалуу жаралды», - деди ал.
«Элит-Строй-Сити» ЖЧКсынын каржылык директору Үсөн Султанов курлуштун кечеңдешин мындайча түшүндүрдү.
«Биздин кырдаал боюнча айтсак, каржылык кырдаалыбыз жакшы эле. Курулушту курганга каражатыбыз бар. Курулушту мөөнөтүнөн кечиктиргенибиздин себеби, үйдү башында салып жатканыбызда арзан сатылып калган. Көп батирлер арзан сатылып кеткен. Бизндин негизги клиенттер мигранттар болуп саналат. Алар убагында төлөбөй, кыйнап коюшту. Былтыр рублдун сомго карата курсу бир жарым жылдай 0,95 сом менен кармалып турду. Рубль көтөрүлсүн деп, төлөм жактан кыйналып калышты. Негизи эле төлөй турган акча көп, эл төлөбөй жатат. Эл дагы «бүтүрө албай калат» деп күмөндөп жатышат окшойт. «Бул блокту бүтүрүп бер, анан которобуз» деп жатышат», - деди ал.
УКМКнын кызматкери: «Ошондо силер кайсыл убакытка чейин эл кирип жашай турган кылып жасайсыңар?», - деп сурады.
Үсөн Султанов: «Азыр 330 батирди «под ПСО» бергенбиз. Ал жерде 800 батир. 330ун «под ПСО» бергенбиз. Андан кийин эки подъездүү бир блокту даярдап жатабыз, май айына беребиз», - деди ал.
УКМКнын кызматкерлери Архитектура, курулуш-контролдоо департаментинин жетекчиси Эрназар Сүйөркуловдун, курулуш компаниянын өкүлдөрүн баяндамаларын угуп, курулушту батыраак бүтүрүүнү тапшырды.
Ошондой эле жыйында «Элит-Строй-Сити» ЖЧКсынын башкы директору Бекжан Касымжанов, анын каржы маселелери боюнча директору Үсөн Султанов жана компаниянын дагы бир өкүлүнө карата чет өлкөгө чыгууга тыюу салынганы айтылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



