Путин Кыргызстандын Элдер Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Матубраимовду Достук ордени менен сыйлады
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Элдер ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимовду Достук ордени менен сыйлады.
Ал Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы достукту жана кызматташууну чыңдоого кошкон зор салымы үчүн сыйланды.
Орден 29-январда Москва шаарындагы Орусиянын Коомдук палатасынын имаратында тапшырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



