БШК №13 округ боюнча 25 талапкерди каттады
Борбордук шайлоо комиссиясы №13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады.
БШКнын маалыматына ылайык, жалпысынан 25 талапкер катталды (эркектер — 15, аялдар — 10). Катталган талапкерлер шайлоо күрөөсү катары бюджетке 7 миллион сом төлөштү.
2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин 31 жаран билдирген.
Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартса, 1 талапкерди БШК каттоодон өткөрүүдөн баш тартты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



