Улгайгандарга пенсия үзгүлтүксүз берилүүдө
Ноокат райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Сатыбалдиев Байдөөлөт Топчубаевичтен пенсия төлөмдөрү жөнүндө сураганыбызда төмөндөгүлөрдү айтып берди.Ноокат районунун аймагында өзгөчө эмгеги сиңген пенсионерлердин саны 11, Баатыр-Энелер 1993 , 100 жаштан жогорку пенсионерлердин саны 10. 2025-жылдын 31-мартына карата башка район шаарларга көчүп кеткендер 10 пенсионер, ал эми ааламдан өткөндөр 234 пенсионер, жаңы пенсияга чыккандар 250 пенсионерге пенсия чегерүүлөр болду.
Ноокат райондук Социалдык фонд башкармалыгынын пенсия бөлүмүндө сегиз кызматкер эмгектенет, бир бөлүм башчы, эки башкы адис,беш жетектөөчү адис. Бүгункү күндө 32831 пенсионер пенсия алышууда, ар бир кызматкер 4690 пенсионерди тейлейт.
Пенсиялык эсептөөлөрдү жүргүзүү бөлүмү
Ноокат райондук Социалдык фонд башкармалыгында 32 831 пенсионер бар. Бул пенсионерлердин ичинен 28 767 пенсионер пенсиясын банк аркылуу, 4 064 пенсионер почта аркылуу алышат.
2024-жылдын 3 айында жалпысынан пенсияга 808 млн. 495 миң 807 сом акча каражаты керектелип, бардыгы төлөнүп берилди. Анын ичинен «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын райондук филиалы аркылуу 124 млн. 856 миң 61 сом, банктар аркылуу 683 млн 639 миң 746 сом төлөнүп берилди.
Ал эми 2025-жылдын 3 айында жалпысы болуп пенсияга 969 млн. 720 миң 068 сом акча каражаты керектелди. Анын ичинен «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасынын райондук филиалы аркылуу 131 млн. 778 миң 914 сом, банктар аркылуу 837 млн 941 миң 154 сом төлөнүп берилди.
2024-2025-жылдардын 3 айына салыштырганда пенсиянын көлөмү 2025-жылы 161 млн 224 миң 261 сомго көп төлөнгөн.
2025-жылдын 3 айында пенсия чектөө бөлүмүнөн билдирүү менен 297 пенсиялык иш кагаз келип катталып, өз убагында төлөөгө берилген. Анын ичинен 250 жаңы дайындалган пенсиялык иш кагаз, анын ичинен көчүп келген пенсионерлер катталган жок, ал эми калгандары майыптыгы, багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алуучулардын алып келген маалыматтарынын негизинде төлөө баракчаларынын мөөнөттөрү узартылды.
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фонду боюнча 2024-жылдын 3 айында 2%дык топтолгон акча каражаты жалпысынан 1 млн. 529 миң 63 сом төлөндү, анын ичинен пенсионерлерге төлөнүүчү сумма 1 млн. 477 миң 423 сом, мураскорлорго 51 миң 640 сом төлөндү. 2025-жылдын 3 айында 2%дык топтолгон акча каражаты жалпысынан 3 млн. 397 миң 519 сом төлөндү, анын ичинен пенсионерлерге төлөнүүчү сумма 3 млн. 152 миң 476 сом, мураскорлорго 220 миң 136 сом, ооругандыгы боюнча 24 миң 907 сом төлөндү. 2024-2025-жылдардын 3 айын салыштырганда 2025-жылы (ГНПФ) 1 млн 868 миң 456 сомго көп төлөнгөн.
Пенсия бөлүмү
2025-жылдын 31-мартына карата жалпы пенсионерлердин саны 32831 адамды түзөт, анын ичинен 26322 пенсионер жаш курагы боюнча, 4970 майыптыгы боюнча, 1493 пенсионер багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алышат. 2024-жылдын 31-мартына карата жалпы пенсионерлердин саны 31729 адамды түзсө, анын ичинен 25337 пенсионер жаш курагы боюнча, 5000 майыптыгы боюнча, 1392 пенсионер багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алышууда.
Жекече эсепке алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алуу бөлүмү
Ноокат райондук Социалдык фондунун Мамлекеттик салык кызматы менен иш алып баруу бөлүмү 2025-жылдын 1-апрелине карата юридикалык жана физикалык камсыздандыруу төлөөчүлөрдүн, камсыздандыруу төлөмдөрдүн эсептик ведомостулары, камсыздандыруу полистери елеед программасына өз убагында киргизилип жатат.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-апрель №83 буйругу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун №87-п буйругунун негизинде: Акт сверкалар, форма № 098, эсептик маалымат №3 тиркемеси жана башка формадагы таблицаларды толтуруу боюнча иш алып барууда.
Ноокат райондук мамлекеттик салык кызматынан АСВ программасына келген Камсыздандыруу төлөөчүлөрдүн эсептик ведомостулары боюнча :
1. Ишкана мекемелерден 2570 эсептик ведомустулары келген болсо, анын ичинен 2570 эсептик ведомусту кабыл алынып елеед программасына киргизилген:
2. Дыйкан фермердик чарбалардан эсептик ведомусту 10935 келген, анын ичинен 4587 кабыл алынып, елеед программасына киргизилген болсо, 6348 эсептик ведомусту туура болбогондуктан кайтарылган;
3. Камсыздандыруу полиси 3054 даана келген болсо, бардык полистер 3054 даана елеед программасына киргизилди;
4. Бүгүнкү күндө жогору жактан келген буйруктар өз убагында аткарылууда.
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 22-декабры № 154 милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече эсепке алуу жана 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 Кыргыз Республикасында Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндөгү Мыйзамдарынын негизинде иш алып барат.
1. Жеке каттоо боюнча жана мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жарандарга кеңеш берүү;
2. Пенсияга арыз тапшыруу үчүн келген жарандарга жана пенсия чектөө бөлүмүнүн сурамы менен жарандардын жеке эсебинен маалыматтарды чыгарып берүү;
3. Мамлекеттик топтоочу Пенсиялык Фондунан каражатын алуучулардын арызынын негизинде төлөм жүргүзүүгө жеке эсебинен көчүрмө берүү.
2025-жылы бөлүмдө төмөнкү иштер аткарылды, иштеп жаткан пенсионерлердин пенсияларын кайра эсептөөгө 3543, жаңы пенсия чегерүүгө жарандардын жеке эсебинен 290, жалпысы 2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин 3833 көчүрмө берилген. 111 пенсионерге Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондунан төлөмдөргө көчүрмөлөр алынып пенсия чектөө бөлүмүнө берилген.
Б. Ысакова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.