Кара-Суу районунда Өзбекстан менен чектеш жерде жаңы өткөрмө пунктун ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда
Кара-Суу районунда Өзбекстан менен чек арада жаңы өткөрмө пункту ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча 2026-жылга бекитилген Министрлер кабинетинин иш планынан белгилүү болду.
Документке ылайык, Министрлер кабинети Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик чек арада эл аралык өткөрмө пунктун ачуу боюнча Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттер аралык макулдашууга кол коюуну пландап жатат.
Тиешелүү макулдашууга кол коюлгандан кийин, 2026-жылдын 1-декабрына чейин республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен Кара-Суу районунда өткөрмө пунктун куруу иштерин баштоо каралууда.
Планды ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар болуп төмөнкүлөр белгиленген:
• Мамлекеттик бажы кызматы;
• Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы;
• Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
• Тышкы иштер министрлиги;
• Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;
• Саламаттык сактоо министрлиги;
• Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



