Кыргызстандын кышкы Олимпиададагы улуттук курама командасынын спорттук жана параддык кийимдери көрсөтүлдү. Сүрөт
Кыргызстандын курама командасынын Италияда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу үчүн спорттук жана параддык кийим формасы тааныштырылды.
Кышкы Олимпиада 6–22-февралда Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт. Кыргызстандын курамына эки спортчу кирди.
«Экипировка кышкы Олимпиада оюндарынын эл аралык стандарттары жана талаптарына ылайык иштелип чыгып, мелдеш учурунда спортчулардын ыңгайлуулугун, коопсуздугун камсыз кылууга жана жогорку жыйынтыкка жетишине багытталган», — деп айтылат Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин билдирүүсүндө.
Ак түстөгү кийим параддык иш-чаралар үчүн каралган, ал эми кочкул көк түстөгү форма машыгуу үчүн колдонулат. Параддык комплект улуттук баш кийим — ак калпак менен толукталган.
«Спорттук жана параддык экипировка Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин ортосундагы макулдашуунун негизинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды», — деп белгилешти мекемеден.
Кыргызстандык спортчулар тоо лыжасы жана лыжа жарыштары боюнча мелдештерге катышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



