Салык кызматы: Салыктан кармалбаган кирешелер декларациялануусу керек жана бюджетке 10% төлөнүшү зарыл
Ишкерлер жана жарандар 2025-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясын 1-майга чейин тапшырышы керек. Айрым салык төлөөчүлөрдүн категориялары бул талаптан бошотулат. Бул тууралуу 9-февралда радионун түз эфиринде Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чинара Мамырбаева билдирди.
Анын айтымында, патенттик негизде иштегендер, өзгөчө режимдеги аймактарда иш алып барган субъекттер, ошондой эле 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% ставкалары менен бирдиктүү салык төлөгөн жеке ишкерлер декларация тапшыруудан бошотулат.
Ошол эле учурда, киреше салыгы кармалбаган булактардан киреше алган жарандар мындай кирешелерин өз алдынча декларациялап, тиешелүү салыгын төлөөгө милдеттүү.
«Эгер жыл ичинде киреше салыгы кармалбаган киреше алынган болсо, мисалы, чет өлкөдөн же эл аралык уюмдардан, жаран аны декларацияда көрсөтүп, бюджетке 10% төлөөгө тийиш», — деп түшүндүрдү Мамырбаева.
Ал киреше салыгы боюнча түшүүлөрдүн өсүшү мамлекеттин айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүү, ошондой эле калктын кирешелеринин ачыктыгын жогорулатуу багытындагы милдеттери менен байланыштуу экенин белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


